“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамын жайылтуу максатында жана Кыргыз ССРнин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Кыргыз тил жана Айтматов ааламы” аталышында 3 айлыктын алкагында Ч.Айтматов атындагы райондук борборлоштурулган китепканасында айылдык китепканалардын китепканачыларынын катышуусунда иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарада китепканачылар тарабынан эне тил жөнүндө көркөм окуулар угулуп, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган усулдук колдонмолор көрсөтүлдү. Ошондой эле жазуучунун чыгармаларынан монологдор айтылды.
Иш-чарага катышуучулар атайын даярдалган кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.