Толук айыл аймагынын Ноот айылында 3 сааттык бала бакча ачылды

2024-жылдын 30-декабрь күнү Толук айыл аймагынын Ноот айылындагы N25 М.Бекболотов орто мектебинин алдында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим” долбоорунун алкагында 3 сааттык бала бакча ачылды.
Иш-чарага Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары А. Нават кызы, айыл өкмөт башчысы К.Аттокуров жана Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева катышты. 3 сааттык бала бакчага 50 бала кабыл алынып, 4 жумуш орундары түзүлдү.
Райондук Атайын эсептен жана жергиликтүү бюджеттен жалпы 329,0 сом акча каражаты каралган.

Leave a Reply