Урматтуу энергетиктер!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар – Энергетиктердин күнү менен куттуктайм!
Энергетика тармагы эң маанилүү жана татаал тармактардын бири. Энергетиктердин күнүмдүк эмгегинен өнөр жай ишканаларынын жана айыл чарбасынын, социалдык чөйрөнүн объекттеринин иши көз каранды.
Сиздердин билимиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр, иштин жогорку натыйжалуулугуна жетүүгө болгон аракетиңиздер өндүрүштүк маселелердин ийгиликтүү чечилишин шарттайт.
Жылдын кайсы мезгили, кандай аба ырайы жана кандай шарт болбосун, сиздер районубуздун тургундарынын жашоосунун жайлуулугун жана ыңгайын камсыздоодо ыкчам жана ырааттуу кызмат кылууга даяр турасыздар.
Сиздерге бекем ден соолук, ийгилик жана үй бүлөлүк бакыт каалайм. Майрамыңыздар менен!”.