Толук айыл аймагында балдар ойноочу жана кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Толук айыл аймагында балдар ойноочу жана кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди
2025-жылдын 22-майында Толук айыл аймагындагы Алмалуу айылында курулган З.Каратоктуев атындагы футбол аянтчасы жана Кең-Колот участкасында балдар ойноочу аянтчасы салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилип, иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Э. Апит уулу, райондогу тиешелүү мекеме жетекчилери, айыл тургундары жана коноктор катышты.
Балдар ойноочу аятнчанын курулушуна Токтогул райондук башкармалыгынын үлүштүк дем берүүчү гранты тарабынан 921 922 сом акча каражаты, өздүк салым үчүн «Атайын эсеп» ММ 200 миӊ сом сарпталды.
Кичи футбол аянтчасынын курулушу үчүн «Атайын эсеп» ММ 4 млн. 200 миӊ сом акча каражаты сарпталды.
Кичи футбол аянтчасына Толук айылдык кеңешинин 2025-жылдагы 29-майындагы токтому менен Толук айылынын Афган согушунун ардагери Каратоктуев Зайыр Кыркэшиковичтин аты ыйгарылды.

Leave a Reply