Коопсуздук эрежелер боюнча баракчалар коомдук жайларга илинди

2024-жылдын 8-апрели Токтогул району боюнча ӨКБнүн офицердик курамы тарабынан КР ӨКМне караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан өзгөчө кырдаал коркунучу жаралган шартта өзүн алып жүрүү жана коопсуздук эрежелери боюнча маалыматтарды уюлдук телефон аркылуу ыкчам билүү үчүн иштелип чыккан “QR” коддорду калк арасында жайылтууну уюштуруу максатында билим берүү мекемелерине, коомдук жайларга…

Толук окуу…

Башчы-аким А.Тюкебаевдин жарандарды жеке кабыл алуусу уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев жарандарды жеке кабыл алуусу уюштурулду. 8-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-акимдин жеке кабыл алуусу уюшурулду. Райондун тургундары тарабынан электр энергиясы, жана жер маселелери боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го…

Толук окуу…

7-апрель – Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Көңүлдүү старт” спорттук оюну уюштурулду

7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Токтогул жалпы дарыгердик практикалык борборунун медицина кызматкерлеринин арасында “Көңүлдүү старт” спорттук оюну уюштурулуп, көнүгүү (гимнастика) жасоо менен башталып, аралыкка чуркоо эстафетасы болду. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Толук окуу…

“Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу иш-чарасы өттү

“Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Токтогул шаарынын карамагындагы Кайрак участкасында, А.Бердалиев атындагы N39 кесиптик лицейинде, А.Суеркулов айыл өкмөтүндө жана Токтогул шаарында көчөт отургузуу иш-чарасына катышты. “Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында жалпы район боюнча 2000 түп ар кандай көчөт отургузулду.

Толук окуу…

Райондун аймагындагы кезектеги ишембилик

6-аперль 2024-жылы айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатында райондук ишембилик болуп өттү. Ишембиликте Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү, эл алуу багы, Бишкек-Ош автожолунун жээги тазаланды. Ошондой эле бардык айыл өкмөттөрдө да ишембилик уюштурулду. “Жашыл-мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында Токтогул шаарынын карамагындагы Кайрак участкасына 1 га жер аянтына…

Толук окуу…

Токтогул шаарынын эс алуу багында 7-апрель Элдик революциясын эскерүү иш-чарасы болуп өттү

Бүгүн, Токтогул шаарынын эс алуу багында 7-апрель Элдик революциясын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө эс алуу багында апрель революциясынын баатыры А.Жанышбаевге орнотулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, залп атылды. Райондогу Апрель революциясынын катышуучуларына жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, апрель революциясынын катышуучулары,…

Толук окуу…

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун” жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү

4-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Хельветас жана Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун” жетекчилиги менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоору тарабынан 2019-жылдын 2023-жылдар аралыгында Токтогул шаарында жана Кетмен-Дөбө, А.Суеркулов, Үч-Терек айыл…

Толук окуу…

“SEDEP” долбоору – туризмди, креативдүү индустрияны өнүктүрүү, туристтик инфраструктураны жакшыртуу

4-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында “Аялдар тынчтык банкы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Г. Абытова райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана жеке ишкерлерди “SEDEP” долбоору менен тааныштырды. Долбоордун алкагында туризмди, креативдик индустрияны өнүктүрүү, долбоорлорду даярдоо, туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча тренингдер болору белгиленди. Конок үйлөрдү, жаңы…

Толук окуу…

Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев автоунаа жолу жасалууда

Районубузга тийешелүү Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев автоунаа жолу жасалып жатат. Аталган жол N30 жол тейлөө ишканасы тарабынан жасалууда. Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев автоунаа жолунун жалпы узундугу 71 чакырымды түзөт, анын ичинен 22 чакырымы асфальтталган. Калган 49 чакырымын оңдоп түзөө иш-аракеттери N30 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Толук окуу…