Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында укук бузууларды алдын алуу жана алар менен иш алып баруу багытында окуу-семинар өткөрүлдү
Аталган иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жооптуу адистери катышты. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин талаптары боюнча кеңири маалымат берилди. Тактап айтканда, укук бузуулар боюнча протоколдорду туура тариздөө, айып пулдарды мыйзам чегинде туура салуу жана аларды өндүрүү тартиби түшүндүрүлдү.









