Башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Токтогул райондун тургундары жер, материалдык жардам, жайыт, таза суу, балык чарба жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун акими А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин. Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун кабыл…

Толук окуу…

ЖАРЫЯ!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү Жобого ылайык райондук мамлекеттик администрациянын Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына жарандык коомдун өкүлүнөн киргизүү үчүн документтер кабыл алынат. Талаптар: Жарандык коомдун талапкерлери социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду

Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы, көчөлөр тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылууда.

Толук окуу…

Райондун акими А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы бир катар объектилерди жеринен көрдү

Атап айтканда, №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун курулуш иштерин, Коргол атындагы орто мектебинин спорт залын оңдоп-түзөө иштерин жана Данканай атындагы орто мектебинин чатырынын оңдоп-түзөөдөн кийинки абалын көрдү. Мындан тышкары, Ак-Тектир айылындагы фитнес клубдун курулушунун жүрүшүн жана толугу менен тосмолонгон фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) айланасынын абалы менен да…

Толук окуу…

Мамлекеттик фондунун жерлерлерин ижарага берүү үчүн конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 309 17-декабрь  2021-жылдагы  жана  № 494  2022-жыл  9-сентябрдагы токтомдорун КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин  2022-жылдагы  19-сентябрь № 329 буйругун негизинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тескөөсүнө өткөрүлгөн мамлекеттик фондунун  жерлеринен Токтогул шаары боюнча Киров…

Толук окуу…

Социалдык камкордук кызматынын түзүлгөндүгүнө 100 жыл

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында социалдык камкордук кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, мекеме, ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын ардагер кызматкерлери жана жалпы эмгек жамааты катышышты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө социалдык кызматтын…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү жана КР Агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын чоӊ жыйындар залында КР Жергиликтүү жамааттар күнүнө жана КР Агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган “Алтын Күз-2025” салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн жана айыл чарба тармагында эмгектенген кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Иш-чарага райондогу мамлекеттик органдарынын,…

Толук окуу…

“Зомбулуксуз жашоо – биздин тандоо”

Райондук прокуратуранын жана райондук мамлекеттик администрациянын биргелешкен демилгесинин негизинде үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу жана түшүндүрүү максатында “Зомбулуксуз жашоо – биздин тандоо” темасында N 2 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында Токтогул шаарынын тургундары менен жолугушуу өттү. Жолугушууда райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, райондун прокурорунун орун басары Э.Элчибеков, райондук…

Толук окуу…

Алдын алуу жана түшүндүрүү иштери уланууда

Райондун аймагындагы М.Нургазиев, У.Артыкбаев, Бекназар, К.Токторалиев жана Т.Жүндүбаев орто мектептеринде райондук мамлекеттик админмстрациянын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлеринин жана имамдардын, ата-энелердин, окуучулардын катышуусунда жыйындар өттү. Аталган кызматкерлер тарабынан өспүрүмдөр тарабынан жасалган укук бузуулардын, жол транспорт кырсыктарынын жана…

Толук окуу…

Райондун аймагында ишембилик уюштурулду

Райондун аймагында ишембилик уюштурулуп Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү, Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү жана коомдук жайлардын айланасы тазаланды. Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын эмгек жамааттары тартылды. Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгарылды.

Толук окуу…