Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүздү

Токтогул РИИБдин көчмө кабылдамасы менен Токтогул шаарынын аймагындагы тургундарга жана соода түйүндөрүнүн ээлерине тоноодон, каракчылыктан, алдамчылыктан сак болуусу үчүн күзөтчүлөрдү, видео байкоолорду орнотуу, короонун айланасын жарыктандыруу, эшик-терезелерге темир торлорду орнотуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Толук окуу…

Мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча жыйын өттү

29-апрель 2024-жылы райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында райондун аймактардагы мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча кеңешме жыйыны өттү. Мечиттерди каттоо жана мыйзамдуулук маселелери боюнча Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков баяндама жасап, имамдардын суроолоруна жооп берди. Кеңешмеге Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков,…

Толук окуу…

Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу уюштурулду

Райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюшурулду. Райондун тургундары тарабынан ишкерлик кылуу, турак-жайга жер тилкесин бөлдүрүү, таза суу, жер жана социалдык маселелер боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги Сарпашов Мурсажанды 1-май Эмгекчилердин күнү майрамы менен куттуктады

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. Тюкебаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы К. Молдогазиев менен Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, 2001-2023-жылдары райондук ардагерлер кеңешин төрагасы болуп иштеген, эмгек ардагери Мурсажан Сарпашовдун үйүнө барып, 1-май Эмгекчилердин күнү майрамы менен куттуктап, майрамдык белектерин тапшырды. Сарпашов Мурсажан коомдук ишмер, “Ардак…

Толук окуу…

“Урааным-Манас” аталышындагы Манас айтуу кароо-сынагы болуп өттү

28-апрель 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы Манас эпосунун үчилтигин (Манас, Семетей, Сейтек эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү” N126 Жарлыгынын алкагында “Урааным-Манас” аталышындагы Манас айтуу кароо-сынагы уюштурулду. Манас айтуу кароо-сынагы Токтогул районунун борбордук стадионунда өткөрүлүп, 3500 катышуучулар улуттук кийимдерди…

Толук окуу…

Токтогул районунун Торкен айылында айылдык маданият үйүнүн жана китепкананын жаңы имараты ачылды

Маданият үйдүн келечеги, эл маданияттын келечеги! Районубуздун калкын маданий жактан тейлөөнү жакшыртуу, жашоо маданиятын жогорулатуу, улуттук каада-салттарыбызды сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын жашообуздагы деңгээлин көтөрүү, жаш муундардын инсандык сапаттарын калыптандыруу, руханий жактан азыктандыруу максатында А. Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылында 300 орундуу “Карагул” айылдык маданият үйүнүн жана китепканынан жаңы имаратынын ачылышы…

Толук окуу…

Райондун аймагында кезектеги ишембилик өткөрүлдү.

2024-жылдын 27-апрелинде Токтогул шаарындагы Азимкан атындагы эс алуу багы, Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү тазаланды. Ишембеликке райондогу мекеме, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары тартылды.

Толук окуу…

Чернобыль апааты эскерилди

2024-жылдын 26-апрелинде Токтогул шаарындагы “Азимкан” эс алуу багында Чернобыль апаатынын 38 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы болуп өттү. Ага Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими А.Тюкебаев жана мекеме, ишканалардын жетекчилери, Чернобыль апаатынын катышуучулары катышышты. Авариянын кесепетин жоюуга Токтогул районунан 28 адам катышып, алардын ичинен 7 адам келгенден кийинки мезгилдерде каза болгон.…

Толук окуу…

Коомдук кабылдамада башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу уюштурулду

2024-жылдын 22-апрель күнү райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу уюшурулду. Райондун тургундары тарабынан электр энергиясы, жана жер маселелери боюнча кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.

Толук окуу…

Чоң-Арык айылында “Эко жаратман Токтогул” долбоорунун алкагында көргөзмө уюштурулду

2024-жылдын 21-апрель күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Чоң-Арык айылында “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фондусунун “Эко жаратман Токтогул” долбоорунун алкагында көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөдө жүндөн жасалган буюмдар: кийиз, өрмөк согуу боюнча мастер-класс көргөзүлдү. Көргөзмөдө улуу муундагы апалар жүндөн жасалган буюмдар боюнча маалымат беришти.

Толук окуу…