Токтогул районунда жаңы мал союлуучу жай жана соода-логистикалык борбор пайдаланууга берилди
Бүгүн Токтогул шаарынын “Тегерек” участогунда заманбап Мал союлуучу жай жана “Кайрак” участогунда Соода-логистикалык борбордун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине райондун акими А.Тюкебаев, шаар мэри, мекеме жетекчилери, ишкерлер жана шаар тургундары катышты. Заманбап мал союлуучу жай жеке ишкер Раханова Зуура тарабынан райондук өнүктүрүү фондуна жалпы баасы 2 млн 750 миң…









