Чычкан капчыгайындагы Ак-Кыя стационардык постунда машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, жол жабылды

2024-жылдын 15-октябрь күнү саат 21:25 де Ош-Бишкек авто жолунун Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында катуу жааган жаан карга айланып, жол тыгыны жаралгандыктан Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы Ак-Кыя стационардык постунда машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, жол жабылган.
Азыркы учурда бардык машиналар үчүн каттам ачыла элек. Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы акими А.Тюкебаевдин буйругунун негизинде Токтогул шаардык мэриясынын каражатынан жүргүнчүлөргө ысык чай жана ысык тамак уюштурулуп берилип жатат.
Кезек күтүп турган авто унаалардын болжолдуу саны 350. Коомдук коопсуздукка жана жүргүнчүлөрдүн саламаттыгына көзөмөл жүргүзүү максатында Токтогул РИИБдин жана Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлери кызмат өтөп жатышат.

Leave a Reply