Коомчулуктун көңүлүн бурган маанилүү маселелердин бири — бул жашы жете элек балдардын ата-эненин багуусуна качуусу тууралуу кеп кылабыз, тагыраак айтканда Токтогул районунун сотунда каралган тийиштүү кылмыши иштер боюнча. Бүгүнкү күндө бул багыттагы абалды талдоо жана тиешелүү чечимдерди издөө мезгил талабы болуп турат.
Кыргыз Республикасыны Кылмыш жазык кодексинин 26-главасында, үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар кылмыштар камтылып, аталган главанын 178-беренесинде ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга соттун чечиминин негизинде карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу боюнча кымлыш жаза чаралары каралган.
2024-жылы Токтогул сотунда жалпы 115 кылмыш иш 152 адамга каралган болсо, жогоруда аталган берене менен Токтогул районунун сотунда 2024-жылы 20 адамга карата 20 кылмыш иши каралып, баардыгы боюнча айыптоо өкүмдөрү кабыл алынган, алардын ичинен 1 айыпталуучу аял жана калгандары 19 эркек айыпкерлер болгон. Аларга белгиленген жазаларга токтолсок, 16 кылмыш ишин боюнча айыпкерлерге сот тарабынан коомдук жумуш жазасы, 3 айыпкерге айып пул жазасы жана 1 айыпкер пробациялык көзөмөл дайындалып, эркиндигинин ажыратуу жазасынан бошотулган.
Ал эми, 2025-жылы Токтогул районунун сотунда жалпы 128 кылмыш иш 159 адамга каралган болсо, алименттен качуу беренеси менен 18 адамга карата 18 кылмыш иши каралып, айыпкерлердин баардыгы эркектер болгон, анын ичинин 8 айыпталуучу коомдук жумуштарга кириптер болсо, 4 айыпталуучуга карата жазасынан бошотулуп пробациялык көзөмөл дайындалган, ал эми 6 кылмыш иши боюнча жабырлануучу менен айыпталуучу өз ара келишип, жеке-ачык айыптоодон баш тарткандыктан кылмыш иштер кыскартылган.
2024-жылдын 8-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүнө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын КЖКсынын 178-беренесине өзгөртүүлөр киригизилип, 12 айдан ашпаган жана 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу мурдагыдай эмес өзүнчө бөлүмдөр болуп, 12 айдан ашпаган карыздын суммасына 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга же кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштар жазалары каралып, анда эркиндигинин ажыратуу жазасы каралбаган.
Ал эми, 12 айдан ашкан карыздын суммасына бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып пул салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалар каралган.
Мындан тышкары, эгерде кылмыш жасаган адам баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон балдарды багууга каражаттарды төлөө боюнча карызын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө жойсо, ал адам ушул беренеде каралган кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулары маалымдалат.
Бул жагдай жөн гана маалымат эмес, коомдук талкууга алына турган олуттуу жагдай катары каралууда.
Токтогул районунун прокуратурасы ЭСКЕРТЕТ!!! ата-энелер балдарды багуусуга мидеттүү жана алардын соттун чечиминин негизиндеги алимент төлөөдөн качуусу КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫЗЫ КЫМЫШ ЖАЗА ЖОППКЕРЧИЛИГИН ТАРТЫЛЫП, ҮЧ ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЭРКИНДИГИНИ АЖЫРАТЫЛЫШЫ МҮМКҮН!!!
Токтогул районунун прокурорунун
улук жардамчысы юстицияны капитаны С.Нарынбеков
