Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк.

Райондук мамлекеттик администрациянын “Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” акциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы орто мектептерде “Биз зомбулукка каршыбыз”, “Зордук зомбулукка жол жок!” аталышындагы жөө жүрүштөр уюштурулуп, жыйындар өтүүдө.
Андан сырткары аялдар кеңештери, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча туруктуу комитеттери менен биргеликте зордук-зомбулуктардын алдын алуу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындай иш-чаралар 10-декабрга чейин уланат.

Leave a Reply