17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосунда кантип добуш берүү керек?
Шайлоого Кыргызстандын 18 жаштан жогору жарандары катыша алат. Шайлоо куну сиз:
· эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштеген өзүңүздүн шайлоо участкаңызга келишиниз керек.
· Шайлоо тизмесинен өзүңүздү табыңыз.
· Операторго паспортуңузду көрсөтүңүз. Ал ID-карта же чет өлкөгө чыга турган паспорт, же ” Түндүк “системасындагы ID-картанын электрондук түрү болушу мүмкүн. Оператор сизди биометрикалык жана персоналдык маалыматтар боюнча идентификациялайт. Аныктоодон кийин, аппарат сизге чек жана шайлоо бюллетенин берет.
· Чекти участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө өткөрүп берип, шайлоочулардын тизмесине кол коесуз.
· Шайлоо бюллетениңиз менен добуш берүү кабинасына өтөсүз.
· Эгерде сиз шаардык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаңыз, бюллетенде добушуңузду бере турган партияны тандаңыз. Эгерде сиз айылдык кеңештин депутаттарын шайлап жатсаныз, анда талапкерлерди тандаңыз.
· Бюллетенинизди автоматтык түрдө окуган урнага киргизиниз.
· Татыктууну танданыз! Ар бир добуш маанилүү!
Шайлоо участогунун номерин жана дарегин 119, 1255 номерине чалып билсеңиз болот
Талапкерлер менен округ боюнча таанышууга шайлоо участкасында же talapker.shailoo.gov.kg сайтында болот.