27-август 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндөгү социалдык объектилердин 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын абалын жана курулуш иштерин жүрүшү боюнча жеринен текшерүү жүргүздү.
Текшерүүдө көмүр-отундарды сатып алуунун жүрүшү, электр чордондорунун жана от жагуучу мештердин абалы, электр энергиясы менен жылуулук берүүчү шаймандардын техникалык абалы ж.б. каралып, аныкталган кемчиликтерди четтетүү максатында айыл өкмөт башчысына жана мекеме-ишкана жетекчилерине тапшырмаларды берди.