КР ӨКМ ЭСКЕРТЕТ! ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ! ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!

Уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок. Аны менен уулануу өтө кооптуу. Уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт.
Адамдар автоунаадан чыккан газдан, турмуш-тиричилик газ буюмдарынын иштен чыгуусунан, мордун туура эмес түзүлүшүнөн пайда болгон өрттөн чыккан истен ууланышы мүмкүн.
Уулануунун негизги себеби – мештерди жылытуу эрежелеринин бузулушу, эшиги жакшы жабылбагандыгы, от жагуучу жайда таза абанын жетишсиздиги, мордун туура эмес иштеши, ал тургай мештеги жаракалар да кайгылуу окуяга кептейт.
Адам организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жараша уулануун симптомдору бири-биринен кескин түрдө айырмаланат.
Уулануунун белгилери – баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл, кусуу, эстен тануу. Андан да кооптуусу – өлүм менен коштошуу.
УУЛАНГАН АДАМГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ КАДАМДАРЫ:
– аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
– бөлмөлөрдү желдетүү, терезе-эшиктерди ачуу;
– жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу;
– анын акыл-эси жайында болсо, таза абага тез арада чыгаруу, нашатырь спиртин жыттатуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылуу;
– жабырлануучу эс-учун жоготсо, “тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.
Возможно, это изображение текст

Leave a Reply