Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул башкармалыгында “Бирдиктүү терезе” ачылды.
“Бирдиктүү терезеде” 5 кызматкер кызмат көрсөтөт, жарандар жана салык төлөөчүлөр акысыз негизде кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин ала алышат.
Анын ичинде:
– отчетторду тапшыруу;
– жардам алуу;
– салык кызматынын маалыматтык системаларына кирүү;
– электрондук булуттук кол тамгасын алуу;
– салыктык каттоодон жана кайра каттоодон өтүү;
– патент жана камсыздандыруу полисин сатып алуу же узартуу.
Ошондой эле “Бирдиктүү терезеде” банктардын төлөм терминалдары аркылуу салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.