Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору – КР Мамлекеттик башкы ветеринар врачы У.С. Кожобергеновдун катышуусунда жыйын өттү

2024-жылдын 26-январында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору – КР Мамлекеттик башкы ветеринар врачы У.С. Кожобергеновдун катышуусунда жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. 2024-жылга карата жазгы талаа иштерине даярдык көрүүнүн абалы;
2. Жазгы сугат иштерине даярдыктын жүрүшү;
3. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жазгы талаа иштерине даярдыктардын жүрүшү, көйгөйлүү маселелер жана чечүү жолдору;
4. Райондогу эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, идентификациялоо жана малдардын ылаңдарына каршы профилактикалык чараларды өз убагында көрүү жөнүндө маселелер каралып, тиешелүү мекеме жетекчилерине, айыл өкмөт башчыларына протоколдук тапшырмалар берилди.
КР Мамлекеттик башкы ветеринар врачы У.С. Кожобергенов мамлекет тарабынан берилген вакциналарды максаттуу пайдалануу, райондун экспорттук потенциалын жогорулатуу, МТС түзүү, айыл чарбасына тиешелүү көйгөйлүү маселелерди ачык айтуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүүнү колго алуу жөнүндө сунуштарын айтты.
Все реакции:

Нурболот Кожобергенов и ещё 5

Leave a Reply