Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча тегерек стол болуп өттү

Райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдо Жалал-Абад аймактык Адвокатурасынын башкармалыгынын мүчөсү жана Жалал-Абад облустук “Справедливость” адам коргоо уюмунун өкүлү Б.Жапарова, юрист Э.Бакиров Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча консультация беришти.
Тегерек столго Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, администрациянын, райондук эмгек социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жана адвокаттар катышты.

Leave a Reply