Раймамадминистрациянын кичи жыйындар залында коопсуз миграция боюнча маалыматтык жыйын болуп өттү

Райондук мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштуруунун эрежелери, коопсуз эмгек миграциясы, жеке иш берүүчү агенттиктер ж.б.у.с. маселелер жөнүндө маалыматтык жыйын болуп өттү.
Жыйынга жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн, миграциялык ресурстар борборунун кызматкерлери, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, мэриянын, айыл өкмөттөрдүн жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
Аталган жыйында коопсуз миграция туурасында маалыматтар берилип, слайд-көргөзмө тартууланды. Катышуучулар тарабынан тиешелүү адистерге суроолор узатылып, жооптор алынды.

Leave a Reply