Абдиев Тууганбай

 

Абдиев Тууганбай

Абдиев Тууганбай (1937–2008) — кыргыз төкмө акыны, дастанчы, комузчу. Кыргызстандын эл артисти (1993), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1986).

Өмүр баяны

Тууганбай Абдиев 1937-жылы 7-апрелде Кетмен-Төбө (азыркы Токтогул) районундагы Ничке-Сай айлында туулган.

1955-жылы Токтогул райондук маданият үйүндө, 1956–1961-жж. Жалал-Абаддагы облустук драма театрында, 1961-жылдын март айынан өмүрүнүн акырына чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында артист болуп эмгектенген. 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин (азыркы Кыргыз Улуттук Университетин) аяктаган. Тууганбай Абдиев узакка созулган оорудан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында каза болгон. Кыргыз эл артисти Тууганбай Абдиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болуп өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү 2008-жылы 3-декабрда Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Чыгармачылыгы

Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Коргоолдон комузга коштоп ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды комуз менен аткарууну үйрөнгөн.Ашыралы, Токтосун, Эстебес, Замирбектер менен бир нече айтыштарды жаратып, Осмонкул, Ысмайыл сыяктуу залкарлар менен учурашып ырдап алардын ак баталарын алган.

“Чоң кербез”, “Бала кербез”, “Тогуз кайрык”, “Мырза кербез”, “Бала кербез”, “Кара өзгөй”, “Кер толгоо”, “Ак тамак, көк тамак”, “Ак Бакай”, “Лу-лу Мамажан” комуз күүлөрүн, “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Ак Мөөр” кенже эпосторун жана башкаларды мурдагы авторлордун деңгээлинде аткарбастан, өз чеберчилиги менен алардын таасирдүүлүгүн ого бетер тереңдеткен. Республикалык “Айтыш” коомдук фондунун насаатчысы болгон. Кийинки муундагы жаш акындар Элмирбек Иманалиевди, Шекербек, Жеңишбек Токтобековду, Амантай Кутманалиевди, Азамат Болгонбаевдерди дасыктырууда зор роль ойногон.

Тасмаграфиясы

  • Махабат дастаны— Раймалы (реж. Дооронбек Садырбаев)

Дискографиясы

  • “Эрке кыял” аттуу күүнүн автору.

Сыйлыктары жана наамдары

  • Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти (1986-ж.)
  • Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1993-ж.),
  • Төкмө акындардын “Ак таңдай – 1993”, “Манас 1000” эл аралык айтыштарынын, “Курманбек -500” дастанчылардын конкурсунун жеңүүчүсү.
  • Эл аралык «Руханият» сыйлыгы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
  • 2000-жылы Курманбекбаатырдын 500 жылдык мааракесинде дастанчылардын жеңүүчүсү болгон.

Comments are closed.