Аралбаев Туралы

 

Аралбаев Туралы

Аралбаев Туралы (1935-жылы туулган, Жалал-Абад облусу Токтогул району, Толук кыштагы) – хирург, медицина илимдеринин доктору (1986), профессор (1987). КММИни (1959) бүтүргөн. КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасында ассистент, доцент, профессор болуп иштеген. 1999-жылдан УХБунда ординатура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы. КРнын эмгек сиңирген врачы (1997). Илимий иштери бийик тоо шартындагы күйүк жана үшүк алууну дарылоого арналган. Эмгеги: Ожоговая болезнь в горах и при горной деадаптации (в соавторстве). Б.: 1991.

Comments are closed.