Бримкулов, Улан Нургазиевич
Бримкулов Улан Нургазиевич – д.т.н., профессор, КР УИА мүчө-корр., так илимдер жаатындагы кыргыздын белгилүү окумуштуусу.
Техникалык илимдердин доктору (1992), профессор (1995), Кыргыз Республикасынын Улуттук Академиясынын мүчө-корреспонденти (1993), КР Президентинин алдындагы МБТ кеңешинин мүчөсү, КР инженердик академиясынын академиги, Эл аралык информатизация академиясынын академиги, Педагогика жана социалдык илимдер академиясынын академиги (Россия Федерациясы), Эл аралык инженердик академиянын академиги, Жогорку окуу жайлардын ректорлор союзунун мүчөсү.
Өмүр баяны
Улан Бримкулов 1948-жылы 2-августта Кыргызстанда Жалалабад облусунун Токтогул шаарчасында туулган. Москвадагы Энергетик институтун (1972), ошол эле жерде аспирантураны (1978) жана докторантураны (1991) аяктаган.
Эмгек жолун Фрунзе политехник институтунда ассистент катарында баштап, 1981-1988 -жылдары ошол эле кафедрада доцент, 1988-1992 – жылдары кафедра башчысы болуп эмгектенген. 1992-1993 – жылдары Бишкектеги эл аралык менежмент жана бизнес мектебинин окуу иштери боюнча проректору, 1993-1995 – жылдары Жалалабад мамлекеттик университетинин ректору, 1995-1998 – жылдары Билим, илим жана маданият министринин биринчи орун басары,1997-2003 жылдары И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин ректору болуп иштеген. 2003 – 2008 – жылдары Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Америка факультетинин деканы, 2010-2016 – жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Инженерлик факультетинин деканы болуп эмгектенген.
Сыйлыктар: Кыргыз Республикасынын агартуу отличниги (Билим берүү жана илим министрлиги, 1996); Билим жана илим отличниги (Кыргыз Республикасынын профсоюздар кеңеши, 2001); «Кыргыз Республикасына 10 жыл» ардактуу белги (Кыргыз Республикасынын Президенти, 2001); «Манас Эпосуна 1000 жыл» (Кыргыз Республикасынын Президенти, 1995); Билим берүү жана илим министрлигинин ардактуу грамоталары (1998, 2001); Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоз кеңешинин ардактуу грамоталары (2000, 2002); «Фрунзе политехник институтунун эң жакшы лектору» (1986); «Fulbright Scholar Program» гранты, Мичиган университети (2006 – 2007).
Илимий багыты: автоматташтыруу жана экспериментти пландоо чөйрөсү, эл аралык маалыматташтыруу, педагогика жана социология илимдери түзөт.
3 монография, 10 окууусулдук куралды камтыган 100 дөн ашык илимий эмгектердин автору.
Эмгек жолу
Иштеген кызматы | Иштеген жери | Иштеген жылдар |
Инженердик факультеттин деканы | Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Бишкек | 01.09.2010 баштап азыркыга чейин |
Компютер инженерчилик бөлүмунун башчысы | Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Бишкек | 01.09.2088 – 31.08.2010 |
Компьютердик технологиялар факультетинин деканы | Кыргыз улуттук университет, Бишкек | 01.05.2003 -31.08. 2008 |
Ректор | Раззаков атындагы Кыргыз техник университети | 1998-2003 |
Министрдин биринчи орун басары | Кыргыз Республикасынын билим берүү Жана илим министрлиги, Бишкек | 1995-1998 |
Ректор | Жалал-Абад мамлекеттик университети, Жалал-Абад шаары | 1993-1995 |
Окуу иштери боюнча проректор | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академия, Бишкек | 1992-1993 |
Электрондук-эсептөөчү машиналар (ЭЭМ) кафедрасынын башчысы | Фрунзе политехник институту (азыр – Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техник университети -КМТУ), Бишкек | 1988-1992 |
Доцент (ЭЭМ кафедрасы) | КМТУ, Бишкек | 1981-1988 |
Окуутучу (ЭЭМ кафедрасы) | КМТУ, Бишкек | 1972-1981 |