Бүгүн, райондук мамлекеттик алминистрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилерине жана муниципалдык органдардын башчыларына жыйын өткөрдү.
Жыйында 2025-жылдын 1-кварталына коюлган план тапшырмалардын аткарылышынын абалы суралып, мэр, айыл өкмөт башчыларына төмөндөгүдөй тапшырмалар берилди:
1. Ар жуманын 5-күнү азык-түлүк жарманкесин уюштуруу, өзгөчө эттин баасына көңүл буруу;
2. Жазгы талаа жумуштарына тиешелүү даярдыктарды көрүү. Дыйкандарды арзан күйүүчү май жана үрөөндөр менен камсыз кылуу, ички каналдарды тазалоо иштерин уюштуруу;
3. Өндүрүштүк аймактар үчүн бекитилген жер аянттарынын максаттуу пайдалануусуна көзөмөлдү күчөтүү.