Сары-Сөгөт айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун имараты пайдаланууга берилди

А.Суеркулов айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылындагы фельдшердик-акушердик пункттунун имараты пайдаланууга берилди.
Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, А.Суеркулов айыл аймагынын башчысы Ө.Жаманкулов, айылдык аксакалдар кеңешинин төрагасынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана айыл тургундарынын катышуусунда А.Суеркулов айыл аймагынын Сары-Сөгөт айылындагы фельдшердик-акушердик пункттунун имараты пайдаланууга берилди.
Имараттын курулуш иштери ашар жолу менен башталып, курулуш иштеринин жүрүшү толугу менен бүткөрүлбөй калган. Курулуш иштерин аягына чыгаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын резервдик фондусунан 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Leave a Reply