Сүттү кайра иштетүү заводу расмий ачылды

2025-жылдын 25-январь күнү  Токтогул районунун Токтогул шаарындагы “Ля Вуа Лакте” сүттү кайра иштетүү зоводунун расмий ачылыш аземи өткөрүлдү.
Ага, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, USAID “Агросоода” проектисинин жетекчиси Ая Касси айым жана райондогу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер, коноктор катышты.
“Ля Вуа Лакте” сүттү кайра иштеттүү заводун жеке ишкер Калыйнур Сатаров негиздеген.
Сүт заводу заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө сүт заводдо каймак, май, сүт, йогурт, сыр, быштак жана бал муздак продукциялары өндүрүлүп, Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын жашоочуларын аталган азыктар менен камсыздайт.

Leave a Reply