Сары-Камыш айыл аймагында элдик жыйын уюштурулду

2025-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Сулайманов, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Сары-Камыш айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.
Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, эскилиги жеткен электр мамычалары, Кара-Чүйлүү токой чарбасы боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.Сулайманов, раймамадминистрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, Сары-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаев жана райондук мекеме жетекчилери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү кеңештер берилди.

Leave a Reply