Т.Жүндүбаев, С.Нурманбетов мектептеринин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды

2024-жылдын 3-сентябрында А. Суеркулов жана Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу Т.Жүндүбаев, С.Нурманбетов мектептеринин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакча ачылды.
Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчылары Б.Багымбаев, Ө.Жаманкулов, эмгек ардагерлери жана ата-энелер катышты.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин алдында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим ”долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоордун негизинде жаңыдан түзүлгөн ар бир бала бакчага эмерек, оюнчуктар, окуу үчүн жабдуулар, материалдар берилди жана ачык абадагы оюн аянтчалары орнотулду.
Долбоордун максаты: мектепке чейинки билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында өлкө боюнча 500 жаңы кыска мөөнөттүү бала бакчаларды 3-5 жаш курактагы балдарды камтуу менен ачуу. Бул долбоор аркылуу райондун аймагында 12 объект киргизилген. Бүгүн 3-5 жаш курактагы балдарды камтуу менен 3 сааттык 2 бала бакчага 150 бала тартылды. 12 жумуш орун түзүлдү. Жылдын аягына чейин 3 мектептин алдында 3 бала бакча ачылып, 150 бала кабыл алынат.

Leave a Reply