Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

ТОКТОГУЛ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик мамлекеттик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

1) Улук кызмат орундары үчүн:

  • тиешелүү багыттагы жогорку билим;
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 1 жылдан кем эмес жана тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

2) Кенже кызмат оруну үчүн:

  • тиешелүү багыттагы жогорку билим;
  • иш стажысына талап коюлбайт.

 

КЕСИПТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ:

  • Улук кызмат орундары үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

 

Кенже кызмат оруну үчүн:

Жалпы мыйзамдар:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (АТАЙЫН ПАПКАДА ТИРКЕЛГЕН):

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 20-ноябрынан 1-декабрына чейин жүргүзүлөт. Иш убактысы саат 09.00дөн 18.00гө чейин. Ишемби, жекшемби күндөрү документтер кабыл алынбайт.

 

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Токтогул шаары, А.Суеркулов көчөсү № 1, 3-кабат, №5 кабинет. Байланыш телефондор: 03747 5-00-63, 0755 01-83-01

 

Leave a Reply