Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

05.11.2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.
Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:
1. 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери;
2. Ченемдик-укуктук актыларды, жогорку органдардан барган иш кагаздары жана өздөрүнүн кабыл алган чечимдерин аткаруу, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жүргүзгөн иштери жана аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө.
Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилип, тиешелүү деңгээлде иш алып барбаган жетекчилерге тартиптик жазалар көрүлдү.
Коллегиянын жыйынынын башталышында райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге сыйлыктар ыйгарылды.

Leave a Reply