Урматтуу маданият кызматкерлери!
Сиздерди 2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Маданият жөнүндө сөз кылуу — бул биринчи кезекте, улут жөнүндө сөз кылуу, маданиятсыз улут болбогондой эле, улутсуз маданият болбойт. Сиздер улуттук асыл дөөлөтүбүздү, кылымдан бери келе жаткан нарк-насилдүү салтыбызды жаштарга үйрөтүп, жеткирип, урпактарга багытталган эмгегиңиздер менен коомубуздун урматына ээ болуп келесиздер. Көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоого, элибиздин маданий казынасын байытууга кошкон баа жеткис салымыңыздарды жогору баалайбыз.
Сиздерге чың ден соолук, үй бүлөлүк бакыт жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
Урматтоо менен, Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев