Бүгүн, 20-сентябрда ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан
“Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” айлыгынын алкагында Токтогу шаарынын Кара-Суу айылынын Т.Казатов мектебинде ар кандай табигый жана өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча машыгуу өткөрүлдү.
Машыгууда ар кандай суу ташкындары, жер титирөө, өрт кырсыгы сыяктуу тилсиз жоодон коргонуу боюнча алгачкы иш-аракеттери аткарылды. Куткаруучулар жабыркагандарды эвакуациялоо жана “Тез жардам” кызматы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын иштеп чыгышты. Ошону менен биргеликте “Куткаруучу” деген темада ыр, сүрөт тартуу конкурсу уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталып, жеңүүчүлөргө “Громата” жана белектер тапшырылды. Мындан сырткары окуучулар менен биргеликте жөө жүрүш өткөрүлдү.
Ошондой эле аталган мектептин мугалимдерине жана окуучуларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кеңири маалымат берилип, машыгуу учурунда чыккан кемчиликтерди четтетүү боюнча окуу жайдын жетекчилигине тиешелүү тапшырмалар берилди.