Токтогул районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы белгиленди

31-август күнү Токтогул шаарынын борбордук аянтында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев баштаган президиум мүчөлөрү катышышты. Майрамдык салтанат аскер кызматчыларынын парады жана райондук мекеме ишканалардын демонстрациясы менен башталды. Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, түрдүү кесип ээлери сыйлыктар менен сыйланышты. Мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана коноктор катышты.
📍Майрамдык иш-чарада
райондук маданият үйү тарабынан театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа тартууланып, спорттук оюндар менен коштолду.
📍 Ошондой эле борбордук аянтка райондун аймагында өндүрүлгөн бал,сүт, кондитердик азыктардын жарманкеси жана сүрөт көргөзмөсү коюлду.

Leave a Reply