2024-жылдын 29-август күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 2024-2025-жаңы окуу жылына карата мугалимдердин “Август кеңешмеси ” өткөрүлдү.
Кеңешмеге Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мекеме жетекчилери, мектеп директорлору жана мугалимдер жамааты катышты.
Башчы-акимдин орун басары А.Нават кызы агартуу тармагынын кызматкерлерин куттуктап, педагогикалык конференция “Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор” аттуу жалпы ураандын астында билим берүүдөгү милдеттерди ишке ашырууга багытталгандыгы боюнча токтолуп өттү. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүндө жасалып жаткан реформалар билим сапатына көнүл бурулуп, ар бир мугалим кесипкөйлүктө, жоопкерчилик менен окуучулардын сабаттуулугун жогорулатууга көңүл бурушу менен бирге улуттук баалуулуктар аркылуу жаш муундун аң сезимин калыптандырууга өз салымын кошуш керектигин айтты. Андан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева 2024-2025-окуу жылында кандай багытта билим берүүнүн алдыга койгон максат –көйгөйлөрдү чечүү жолдору боюнча билдирүү жасады.
2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен №4 Н.Бримкулов атындагы мектеп –гимназиясы жана Токтогул, Бөкөнбаев, Чаргынов, Бекназар атындагы орто мектептери “Жылдын мыкты мектеби” жана “Ак-Тилек” балдар бакчасы “Жылдын мыкты бала бакчасы” наамына татыктуу болушту.
Токтогул районунда жалпы 42 мектеп бар, анда 1400 мугалим эмгектенет. 2024-2025-жаңы окуу жылына карата жалпы окуучунун саны 20 миңди түзсө, анын ичинен 1-класска 1996 бала кабыл алынат.