Токтогул шаардык кеңешине Жаңы-Жол айылдык кеңеши бириктирилди

2024-жылдын 22-февралында райондук мамлекеттик администрациясынын башчы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаардык кеңешинин жана Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаттары менен жыйын өткөрдү.
Жыйында башчы-аким А.Тюкебаев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» ПЖ №370 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыктарын негизинде Токтогул шаардык кеңешине Жаңы-Жол айылдык кеңеши бириктирилгендигин, мындан аркы иш-аракеттерди биргелешип ынтымакта жүргүзүүнү тапшырып, ийгиликтерди каалады.

Leave a Reply