Токтогул районунда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында жыйын өттү.

2024-жылдын 14-май күнү Токтогул райондук прокуратурасынын демилгеси менен райондо жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, 25-май – “Акыркы конгуроо” иш-чарасын өткөрүүдө окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жөнүндө башчы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө райондук прокурордун улук жардамчысы А.Джакупов жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын…

Толук окуу…

“Токтогул суу сактагычынын акваториясында балык кластерин түзүү” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча келишимге кол коюлду

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде Токтогул районунун, Токтогул шаарынын “Токтогул суу сактагычынын акваториясында балык кластерин түзүү” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча келишимге кол коюлду. Мамлекеттик өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын Суу ресурстар айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Балык чарба департаменти, Токтогул шаарынын мэриясы ал эми жеке өнөктөш “Азия-Продукт” ЖЧКсы болду. Долбоордун…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлерине окуу-семинар өткөрүлдү

13-май 2024-жылы Токтогул райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат кызматкерлерине өзгөчө кырдаалдарда калктын муктаждыгын камсыз кылуу, сел, суу ташкыны, жер титирөө жана өрт кырсыгы боюнча окуу-семинар өткөрүлүп, түшүндүрмөлөр берилди.

Толук окуу…