“Мурас-Аймак” регионалдык турниринин райондук этабы болуп өттү

2024-жылдын 18-октябры Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана салттуу “Мурас” достук турнирине катышууга тандоо этабы катары “Мурас-Аймак” регионалдык турниринин райондук этабы болуп өттү. Аталган мелдешке Токтогул районунун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Эдилкан Сыргабаев менен коштошуу зыйнаты болуп өттү

2024-жылдын 17-октябрында Толук айылында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Эдилкан Сыргабаев менен коштошуу зыйнаты болуп өттү. Сыргабаев Эдилкан Сыргабаевич Токтогул районунун Толук айылында 1935-жылы туулган. Фрунзе шаарындагы техникалык окуу жайын аяктап, мастер-куруучу адистигине ээ болгон. СССР Министрлер Советинин алдындагы Новосибирск индустриалдык жана педагогикалык техникумун жана ушул эле шаардагы Марксизм-Ленинизм…

Толук окуу…

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары

2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. Жергиликтүү кеңеш – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы, ал беш жылдык мөөнөткө тиешелүү шаардын же айылдык аймактын тургундары тароабынан түздөн-түз шайлайт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарына жергиликтүү жамааттын турмушуна жана өнүгүүсүнө тиешелүү маанилүү маселелерди чечүү кирет. Жергиликтүү кеңештер жергиликтүү бюджетти бекитет жана…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасында аялдар арасында “Айымдардын ден соолугу” аттуу бир айлык акция өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2023-жылдын 19-сентябрында “Кыргыз Республикасында аялдар арасында “Айымдардын ден соолугу” аттуу бир айлык акция өткөрүү жөнүндө” №1133 буйругу чыгып, медициналык санитардык жардам деңгээлинде аялдардын ден соолугун чыңдоо, тобокелдик факторлорун азайтуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максатында жыл сайын 1-октябрдан 31-октябрга чейин бир айлык акция…

Толук окуу…

“Элеттик аялдар күнүнө” карата “Энелердин тилеги” коомунун концерти болуп өттү

2024-жылдын 15-октябрь күнү Токтогул шаарындагы А.Керимбаев атындагы райондук маданият үйүндө “Элеттик аялдар күнүнө” карата жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгынын иш чаралар планынын алкагында шаардык мэрияга караштуу айылдарда жашаган ак элечек апалардан түзүлгөн “Энелердин тилеги” коомунун концерти болуп өттү. Концертте ак элечек апалар…

Толук окуу…

Райондук жумушчу топтун 3-отуруму болуп өттү

Бүгүн, 16.10.2024-ж., райондун аймагында бюджеттик кирешелердин резервдерин аныктоо жана салыктардын, жыйымдардын карыздарын азайтуу боюнча райондук жумушчу топтун 3-отуруму болуп өттү. Отурумда райондун аймагындагы коммерциялык объектилеринин жерлерин инвентаризациялоо тапшырмасы коюлду.

Толук окуу…

Чычкан капчыгайындагы Ак-Кыя стационардык постунда машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, жол жабылды

2024-жылдын 15-октябрь күнү саат 21:25 де Ош-Бишкек авто жолунун Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында катуу жааган жаан карга айланып, жол тыгыны жаралгандыктан Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы Ак-Кыя стационардык постунда машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, жол жабылган. Азыркы учурда бардык машиналар үчүн каттам ачыла элек. Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы акими А.Тюкебаевдин буйругунун…

Толук окуу…

“Ден соолук бул узак жашоо” деген темада семинар болуп өттү

2024-жылдын 15-октябрь күнү райондук мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунун “Ден соолукту чыңдоо” кабинетинин адистери тарабынан “Ден соолук бул узак жашоо” деген темада семинар болуп өттү. Семинарга райондук мекеме-ишканаларда иштеген 55 жаштан жогорку кызматкерлер катышышты. Семинарда адистер карылыкты алдын алуу жана ден соолукка кам көрүү өзгөчө…

Толук окуу…

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу уюштурулду

2024-жылдын 14-октябрь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан турак жай салуу үчүн жер, мектептердеги кадр маселелери жөнүндө кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го…

Толук окуу…