Кыргыз Республикасында аялдар арасында “Айымдардын ден соолугу” аттуу бир айлык акция өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2023-жылдын 19-сентябрында “Кыргыз Республикасында аялдар арасында “Айымдардын ден соолугу” аттуу бир айлык акция өткөрүү жөнүндө” №1133 буйругу чыгып, медициналык санитардык жардам деңгээлинде аялдардын ден соолугун чыңдоо, тобокелдик факторлорун азайтуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максатында жыл сайын 1-октябрдан 31-октябрга чейин бир айлык акция жарыяланган.
Жарыяланган акциянын алкагында Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунун медицина кызматкерлери тарабынан аялдардын кан басымдары өлчөнүп, ооруларды алдын алуу, анын ичинде жүрөк-кан тамыр ооруларынын, кант диабети жана башка оорулар боюнча кеп-кенештер берилип жатат.
Медицина кызматкерлери тарабынан бардык айылдарда ватсапп группаларга жарыялар берилип, жер-жерлерде аялдардын ден соолугуна кам көрүлүүдө.

Leave a Reply