Райондун аймагында сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн сапатына көзөмөл күчөтүлөт

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов райондогу тиешелүү мекемелерге чогулуш өткөрүп, чогулуштун жүрүшүндө райондун аймагындагы дүкөндөрдө, базарларда сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн сапатына, мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын сатылышына жол бербөө, тез татымдарда жасалып жаткан азыктарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Толук окуу…

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы менен Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев куттуктайт

Кымбаттуу Токтогул районунун тургундары! Урматтуу мекендештер! Сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм! Улутубуздун башкы дөөлөттөрүнүн бири болгон мамлекеттик тилибиз – кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Бабаларыбыз басып өткөн жолунда далай кубаныч менен кайгыны өткөрсө да, тилин жоготпой, тили аркылуу салт-санаа, үрп-адаттарын, кыргыздын улуу…

Толук окуу…

Райондо “Улуттук тазалык күнү” өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында райондо тазалык күнү белгиленген. Райондун аймагында ишембилик тиешелүү деңгээлде уюштурулуп, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун көзөмөлүндө, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз…

Толук окуу…

Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардан алыс болууга чакыруу иш чаралары жүргүзүлдү

Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жалпы билим берүү мектептеринин директорлору жана ата-энелер комитеттери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулар, зордук-зомбулук, топтошуп мушташуулар, рэкетчилик, тоноочулук, аптекалык наркоманиядан алыс болууга чакыруу иш-чарларын жүргүздү.

Толук окуу…

Улут болсом-тилим менен улутмун

Бүгүн 20-сентябрь Токтогул шаарындагы райондук маданият үйүнүн чон залында “Улут болсом-тилим менен улутмун” аталышында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата райондук мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары жана орто окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда майрамдык иш-чара уюштурулду. Майрамдык иш-чарага Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.К.Кожобергенов катышып, иш-чаранын катышуучуларын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү”…

Толук окуу…

Мектептерде кырсыктардын тобокелдигин азайтуу машыгуусу өттү

Бүгүн, 20-сентябрда ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” айлыгынын алкагында Токтогу шаарынын Кара-Суу айылынын Т.Казатов мектебинде ар кандай табигый жана өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча машыгуу өткөрүлдү. Машыгууда ар кандай суу ташкындары, жер титирөө, өрт кырсыгы сыяктуу тилсиз жоодон коргонуу боюнча…

Толук окуу…

Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү кичи футбол мелдешин уюштурду

19-сентябрь 2024-жылы Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 5-октябрь “Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” күнүнө карата бир айлык иш-чаранын алкагында бөлүмдүн өздүк курамы арасында кичи футбол мелдеши уюштурулду. Өздүк курамды дайыма сергек жашоого, ар кандай кырдаалда күжүрмөн даярдыкта болууга, ынтымак, биримдикте жана дени сак жашоого үгүттөп, жеңишке жеткен командалар Грамота жана акчалай сыйлыктар…

Толук окуу…

Улуттук тазалык күнүндө тазалык акциясына катышууга чакырабыз!

Урматтуу Токтогул районунун тургундары! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ N 305 Жарлыгына ылайык жыл сайын апрель жана сентябрь айларынын 3-жекшембиси Улуттук тазалык күнү деп белгиленген. Райондун аймагындагы таштандыларды тазалоо жана тазалыкты туруктуу сактоо боюнча райондук мекеме, ишкана, уюмдардын кызматкерлери тарабынан аракеттер тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Жогоруда аталган Жарлыкка ылайык ушул…

Толук окуу…

“Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаны иштеп чыгуу” тренинги өтүүдө

Тренингге райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери катышууда. Тренингдин жүрүшүндө Токтогул районунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо, программаны түзүүгө катышуучулар, анын мазмуну жана түзүмү, программанын максаттарын түзүү ж.б.у.с. маалыматтар угулду. Тренингди Борбордук Азиядагы жергиликтүү башкаруу академиясынын тренерлери өтүүдө.

Толук окуу…

Аким А.Тюкебаев оңдоп-түзөө жана курулуш иштери менен жеринде таанышты

Бүгүн 18-сентябрь 2024-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев Абды Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылындагы А.Мамыров атындагы орто мектебинин, Кара-Жыгач айылындагы маданият үйүнүн, таза суунун оңдоп-түзөө иштери, Сары-Сөгөт айылындагы ФАПтын оңдоп-түзөө иштери, Жаңы-Арык каналынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, айыл өкмөт башчысына тиешелүү тапшырмаларын берди.

Толук окуу…