Улут болсом-тилим менен улутмун

Бүгүн 20-сентябрь Токтогул шаарындагы райондук маданият үйүнүн чон залында “Улут болсом-тилим менен улутмун” аталышында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата райондук мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары жана орто окуу жайларынын студенттеринин катышуусунда майрамдык иш-чара уюштурулду.
Майрамдык иш-чарага Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.К.Кожобергенов катышып, иш-чаранын катышуучуларын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө салым кошуу ар бирибиздиин милдетибиз экендигин белгилеп өттү.
Майрамдык иш-чарада аксакалдар, мекемелердин кызматкерлери кыргыз тили жөнүндө ырлардан үзүндү окуп беришти. Райондук маданият үйүнүн кызматкерлери жана мектеп окуучуларынын катышуусунда майрамдык концерт тартууланды жана кыргыз тили боюнча слайд көрсөтүлдү.

Leave a Reply