Веб сайттан издөө
Рубрикалар
-
Акыркы документтер
- Райондук аялдар кеңешинин конференциясы болуп өттү
- Башчы-аким А.А.Тюкебаев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын түзүлгөн күнү менен куттуктады
- Райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын отуруму болуп өттү
- Башчы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү
- Район башчысы-аким А.Тюкебаев райондук оорукананын неврология, балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмүндө жүрүп жаткан ремонт иштери менен таанышты
Жаңылыктар календары
Коррупцияга каршы аракеттенүү
Ишеним телефону: 0(3747) 5-00-63
Материалдар архиви
Пайдалуу шилтемелер
Year: 2024
Чычкан капчыгайындагы Ак-Кыя стационардык постунда машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, жол жабылды
2024-жылдын 15-октябрь күнү саат 21:25 де Ош-Бишкек авто жолунун Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында катуу жааган жаан карга айланып, жол тыгыны жаралгандыктан Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы Ак-Кыя стационардык постунда машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилип, жол жабылган. Азыркы учурда бардык машиналар үчүн каттам ачыла элек. Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы акими А.Тюкебаевдин буйругунун…
“Ден соолук бул узак жашоо” деген темада семинар болуп өттү
2024-жылдын 15-октябрь күнү райондук мамлекеттик администрациянын кичи жыйындар залында Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунун “Ден соолукту чыңдоо” кабинетинин адистери тарабынан “Ден соолук бул узак жашоо” деген темада семинар болуп өттү. Семинарга райондук мекеме-ишканаларда иштеген 55 жаштан жогорку кызматкерлер катышышты. Семинарда адистер карылыкты алдын алуу жана ден соолукка кам көрүү өзгөчө…
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу уюштурулду
2024-жылдын 14-октябрь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду. Райондун тургундары тарабынан турак жай салуу үчүн жер, мектептердеги кадр маселелери жөнүндө кайрылышты. Башчы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди. Эскерте кетсек, Башчы-акимдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го…
Райондун аймагында массалык ишембилик өттү
Ишембиликке райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана райондун тургундары катышты. Ишембиликтин алкагында жер-жерлерде мекемелердин жана турак жайлардын, социалдык объектилердин короосу, жол жээктери, көчөлөр тазаланды. Таштандыларды чыгаруу үчүн атайын техникалар тартылып, таштандылар чыгарылууда.
Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү тактап алыңыз
Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан окуу өткөрүлдү
Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан N1 Токтогул атындагы орто мектебинин 10 жана 11- класстарынын окуучулары арасында Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгына карата “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын орду” аталышында окуу өткөрүлдү. Мектеп окуучуларына Кыргыз прокуратурасынын тарыхы, прокуратуранын ишинин укуктук негизи жана прокуратура системасы тууралуу кызыктуу маалыматтар берилип, окуучуларды кызыктырган суроолоруна…
Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы 100 жашка чыккан апаларды куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондусунан 1-октябрь Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө карата 100 жаштагы карыларга ар бирине 3000 сомдон бөлүнгөн. Токтогул районунун аймагында айылдарда 100 жашка чыккан 5 кары апалар бар. Облустук өкүлчүлүк тарабынан которулган акча каражатын 100 жашка чыккан апаларга Токтогул райондук мамлекеттик администрация…
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдар таратылды
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду тарабынан азык-түлүктөрдөн турган гуманитардык жардамдар даярдалып, райондогу 120 жардамга муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөргө жеткирилип, таратылып берилди. Районго бөлүнгөн гуманитардык жардамдарды алып келүүгө Токтогул шаардык мэриясы, А.Суеркулов, Кетмен-Дөбө, Үч-Терек жана Э.Иманалиев айыл өкмөттөрү көмөк көрсөтүштү.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо максатында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү
Токтогул шаарынын Кызыл-Туу айылында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо максатында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү. Кыдырууга акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери чыгышты. Үйлөрдү кыдыруунун негизги максаты үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн, жашоо-шартын аныктоо болуп саналат. Мындай кыдыруулар башка айылдарда…