Баткен окуясынын 25 жылдыгы белгиленди

Эскерүү иш чарасына Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев, райондун аскер комиссары Ч.Кубатбек уулу, райондук ардагерлер кенеши, шаар мэринин орун басары, райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери, Баткен окуясынын ардагерлери жана курман болгон жоокерлердин туугандары катышышты.
Азимкан атындагы эс алуу багында жайгашкан эстеликке Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлердин элесине арналып гүлчамбар коюлуп, аларга багышталып куран окулду.
Иш чара райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында улантылып, ардагерлерге сыйлыктар жана райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерт тартууланды.
Баткен окуясынын 25 жылдыгына карата райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан катышуучуларды колдоо иретинде акча каражаттары бөлүнүп берилди.
Токтогул районунда азыркы күндө Баткен коогалаңынын 37 ардагери жашайт. 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңында Токтогул районунан барган 2 жоокер курман болушкан, ал эми 1 жоокер келгенден кийин каза болгон.

Leave a Reply