“40 район – 40 китеп” адабий конкурсу 2024-жылдын 1-ноябрында башталат

Чыгармачылык ишке дем берүү жана өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын чыңдоо үчүн шарттарды түзүү максатында “40 район – 40 китеп” адабий конкурсу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №536-т тескемеси менен бекитилген “40 район – 40 китеп” адабий конкурсун өткөрүү жөнүндө Жобого ылайык” жүргүзүлө турганын маалымдайбыз.
Конкурстун максаты – аймактарындагы калемгерлердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, мыкты адабий чыгармаларды коомчулукка жайылтуу, таланттуу авторлорду издөө, алардын чыгармачылыгына окурмандардын көңүлүн тартуу, кыргыз тилин, улуттук маданиятты сүйүүгө тарбиялоону пропагандалаган жана жазган таланттуу авторлорду табуу жана илгерилетүү.
Жогоруда аталган тескеме менен интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине (Кыргызпатент) жыл сайын конкурсту ишке ашырууга жана авторлордун 6га чейин чыгармаларын басып чыгарууга каражат кароо тапшырылды. Тандалып алынган бир чыгарма 200 нускага чейинки тиражда чыгарылат.
“40 район – 40 китеп” адабий конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөр 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин райондук мамлекеттик администрация аркылуу кабыл алынып, конкурстун Катчылыгына жөнөтүлөт.
Возможно, это изображение дневник

Leave a Reply