Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү

Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.
Коллегиянын күн тартибинде:
1. 2024-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана милдеттери жөнүндө маселе каралды.
Аталган маселенин экономика тармагы боюнча башчы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов, социалдык тармак боюнча башчы-акимдин орун басары А.Нават кызы маалымат берип, талкууланды.
Коллегиянын отуруму башталар алдында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновго “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы тапшырылды.
Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия мүчөлөрү тарабынан күн тартибиндеги маселе боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдарга тапшырмалар берилип, аткаруу мөөнөттөрү белгиленип, токтом кабыл алынды.

Leave a Reply