Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары “Аймактардын инвестициялык абалын жакшыртуу жана экиден кем эмес инвестициялык долбоорлорду даярдоо, ишке ашыруу” жөнүндөгү тапшырманын аткарылышы;
2. Муниципалдык ишканалардын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнүн учурдагы абалы;
3. Райондо жүргүзүлүп жаткан мал жана канаттууларын кайра саноонун жүрүшү;
4. Райондогу муниципалдык-мамлекеттик жана коомдук пайдалануудагы жеке имараттардын техникалык коопсуздугунун учурдагы абалы, мындан ары ар кандай мүнөздөгү кырсыктардан алдын-алуу чараларын күчөтүү жөнүндө маселелер каралды.
Жыйынга райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.