Райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын отуруму болуп өттү

Райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын отуруму болуп өттү.
Отурумга райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, медицина мекемелеринин кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана дин өкүлдөрү катышышты.
Отурумда 2024-жыл ичинде сарык оорусунун катталышы жана эмдөө иштеринин жүрүшү боюнча маселелер каралды. Күн тартибиндеги маселелер боюнча райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери маалымат беришти.
Акыркы учурларда диний багыттагы ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тарткан учурлар көп болууда. Бул маселе боюнча райондук имамдын орун З.Жапаров динде балдардын эмдөө алуусуна тыюуу салынбагандыгы боюнча өз оюн билдирди.
Отурумдун аягында калктын саламаттыгына кам көрүү жана жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча чечимдер кабыл алынып, тиешелүү мекеме жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тапшырмалар берилди.

Leave a Reply