Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, Токтогул жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери А.Сатыбалдиев, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл аксакалдары жана айыл тургундары катышышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Жаңы ачылган ФАП айыл эли үчүн медициналык жактан кызмат көрсөтүп саламаттыгына кам көрүп, медициналык жардамдын сапаты жогорулайт жана медицина кызматкерлер үчүн дагы заманбап шарттар түзүлөт.