Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Токтогул районунун жергиликтүү тургундарына аталган Жарлыктын мазмуну боюнча таанытым иштери жүргүзүлдү.
Иш-чара райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө өтүп, ага Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы А.М.Матубраимов, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору К.Б.Калчакеев, К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин профессору Ж.А.Дүйшеев, райондогу айыл өкмөттөрүнүн башчылары, кызматкерлери, ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештеринин мүчөлөрү, маданият, билим берүү тармагынын кызматкерлери, райондук мекемелердин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө таанытым тобу тарабынан уңгужолдун багыттары тууралуу кенен маалыматтар жеткирилди жана жергиликтүү тургундар тарабынан суроо, сунуш-пикирлер айтылды. Ошондой эле А.Керимбаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан кыргыздын каада-салты чагылдырылган театралдаштырылган сценарий жана чакан концерттик программа тартууланды.


























