Токтогул районунун Көтөрмө айылындагы №18 Кубатбек Чокоев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин алдында «Сыдыкова Канчайым апа» аттуу кыска мөөнөттүү бала-бакча расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Бала-бакчанын чылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысы Ө. Жаманкулов, тиешелүү мекеме жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Объектинин курулушуна Абди Суеркулов айыл өкмөтүнүн бюджетинен 265 000 (эки жүз алтымыш беш миң) сом, ал эми «Good Neighbors» уюму тарабынан 380 000 (үч жүз сексен миң) сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлдү.




