Бүгүн тарыхы терең, улуу мурасын урпактарына калтырган кыргыз элинин каарман уулу — колбашчы, баатыр, XVIII кылымдагы кыргыз башчыларынын бири Хан Садыр Арзымат уулунун элесине арналган эстеликтин расмий ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К.Койчиев, Хан Садыр Арзымат уулунун 310 жылдыгын уюштуруу боюнча комитетинин төрагасы З.Базарбеков, Кыргыз Республикасынын Баатыры А.Алымкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.Самаев, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жогорудагы коноктор тарабынан Хан Садыр Арзымат уулунун эрдиги жөнүндө маалыматтар айтылды. Ошондой эле, манас айтылып, актаӊдай акындар тарабынан Хан Садыр Арзымат уулунун кыргыз эли үчүн көрсөткөн эрдиктери даӊкталды.
Маалымат үчүн: Хан Садыр Арзымат уулу болжол менен 1714–1715-жылдары туулган. Анын жаштык доору Кетмен-Төбө өрөөнүндө калмак баскынчылыгынын оор мезгилине туш келген жана дал ошол катаал шартта ал элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн, каармандыгын көрсөтүп, кыргыз журтунун тагдырына таасир эткен чечимдерди кабыл алган.

















