Райондук Жарандык коргонуунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

2026-жылдын 27-январь күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Токтогул районунун Жарандык коргонуунун 2025-жылдын 12 айында аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгарууга арналган жыйын болуп өттү.
Жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким, Жарандык коргонуу башчысы А.А. Тюкебаев, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери, шаар мэрлери жана айыл аймак башчылары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жыл ичинде Жарандык коргонуу багытында аткарылган иштер, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар, калктын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Ошондой эле кызматтар аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана 2026-жылга карата коюлган милдеттер белгиленди.

Leave a Reply